Датасы: 01.10.2020
Формат: mp3

Турналар учуп өтсө, жаз келсе кайтып келер,
Жаштышгың өтүп кетсе, кайтарып кимге берер.
Толгонуп буулугамын бир собол жүрөк эзер,
Өмүрлөр өтүп кетер…
Негедир жылдан жылга, саамайлар агаргансыйт,
Жаштыгым жаздай эле, күз келип саргайгансыйт.
Өмүрдүн барактары бат-баттан айрылгансыйт,
Байгеде бараткансып…
Өкүнүп күткөн менен өткөн күн кайтмак беле?
Табигат табышмагы жалынсаң да, сырларын ачмак беле?
Билинбей мезгил менен, кошулуп агабызбы?
Анын да чеги болор жээгине барабызбы?
Убакыт токтой турчу, гул терип алайынчы,
Сагындым балалыкты…
Өкүнүп күткөн менен өткөн күн кайтмак беле?
Табигат табышмагы жалынсаң да, сырларын ачмак беле?

Гүлжигит Сатыбеков — Мезгил барактары тексти: 8 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *