Аткаруучу: Бейше

Ооо анда көктөм эле, көктөм эле
Жаңы эле жаз жамгыры төккөн эле
Капкара карагаттай көзүң менен
Карадың кирпик какпай көпкө неге

Сейилдеп бакта жүрсөк, ай тамагым
Сен ошол көз карашты кайталадың
Мээримиң төгүп турсаң көз нуруңдан
Мен неге байкабадым, байкабадым

Болгондур байкабастык тагдырымда
Тагдырдын тайыздык же тардыгында
Сезимге от тутантып да карасаң
Сен үчүн кечер элем бардыгынан

Негедир ошол жазды эстей берем
Эстейм да, андай жазга жетпей келем
Алиги сеникиндей көз карашты
Аттиң ай, мен эчкимдин сезбей келем

YouTube булагы

Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *