Датасы: 12.09.2026
Формат: mp3

Аткаруучу: Бек Борбиев
Билбейм азыр сен кайда
Билбейм мен кайда
Эстегенде эми жок пайда
Тынган азыр көксөөлөр
Тынды го санаа
Кездешүүнү издебей кайра

Кайрыма
Мен сүйгөм
Билесиңби аалам жерге батпай
Айың болуп терезеңден күйгөн
Дарегимди башкаларга айтпай
Күткөм сени бакыт деген үйдөн
Катаал кезде караанымды катпай
Мен сени сүйгөм
Мен сени сүйгөм
Шамдай ээрип түгөнүп күйгөм

Өттү мезгил дарылай
Өттү байкалбай
Биз ал күнгө калдык кайталбай
Ооруп турдуң сен анда
Ооругам мен да
Коштошконбуз кош деп айталбай

YouTube булагы

Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *