Аткаруучу: Алтынай Асанбекова
Тамылжыган көздөрүм
Тандаган сени!
Аруу, таза сөздөрүм
Арнасам эми!
Тык-тык эткен жүрөктү
Тыңдасаң эми!
Кантем, кантем оюмдан
Чыкпасаң эми!
Кайырма:
Кайра, кайра, кайра
Карайм барбы айла?
Карайынчы сүйүп
Карегиңден жайна
Сырдуу сенин мүнөзүң
Арбаны мени!
Жылмайганың, күлгөнүң
Алдады мени!
Сезимимдин баардыгын
Арнадым сага
Сен да сезим алтыным
Арнагын мага!
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.