Аткаруучу: Эллада Асылбекова
Сынаасам көнүлүмө толосуңбү
Сылык сүйлөп сыпат үлүп коесуңбу
Сени айтып курбуларга мен мактансам
Сыймыктанаар адамым болосуңбу
Кызыксам көнүлүмө толосуңбу
Кыйгач карап кыкмыр күлүп коесуңбу
Кыйынчылык башка түшүп турган кезде
Көрсөтчү курдашым болосуңбу
Жактырсам көнүлүмө толосуңбу
Жайкап сүйлөп жайнап күлүп коесуңбу
Жамандык башка түшүп турган кезде
Жардам берер адамым болосуңбу
Тандасам көнүлүмө толосуңбу
Так сүйлөп тамашалап коесуңбу
Кыйгак кечүү таар жолдо тайгалансам
Тагдырлаш күйөрманым болосуңбү
Аяп карап алдап күлүп коесуңбу
Акылымдан адашып турган кезде
Акылдаш жол адамым болосуңбу
Жолуксам көнүлүмө толосуңбу
Жообун айтпай коесунбу
Жол таппай баш айланып турган кезде
Жол көрсөтүү жолдошум болосуңбу
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.