Дарыянын эки жээгинде эки улак оттоп жүрүптүр.
– Эй, тууганым, кел ойнойбуз! Мен сен жакка өтөйүн, – дейт бири арыктагы устунду карай басып.
– Жок, мен сен жакка өтөйүн, – дейт тигиниси устунга кадамын таштап.
Экөө бирдей устун аркылуу тигил өйүздөн бул өйүзгө өтмөк болушат. А устун ничке экен. Эки улак устундун ортосунда бетме-бет туруп калышат. Биринен бири айланып өтө алышпайт.

– Артка жылчы кычашпай, мен өтөйүн! – дейт биринчиси.
– Өзүң кычашпачы, жыл артка! – экинчиси чунаңдайт.
Экөө бирине бири жол бошотпойт.
– Менин айтканымды укпасаң бирди көрөсүң азыр! – дейт бири.
– Кана көргөзчү! – дейт экинчиси.
Чунаңдашкан экөө бири бирине куйкалары курушат да, как маңдайга карсылдаша сүзүшөбүз деп, экөө бирдей сууга кулайт.
Дарыя суусу шар экен, тереңдиги андан. Эки улак чөгүп өлмөк болуп, жээкке араңдан зорго шөлбүрөп суу болуп чыгышкан экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Карышкыр жана жети улак86
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)62
Акылдуу кыз45
Аю менен чиркей38
Акыл карачач33
Алия менен жылкы32
Акылдуу кыз жомок19
Көмөч нан (колобок) жомок18
Ким күчтүү17
МАНСАПКОР КҮЧҮК16

Один комментарий к “Эки улак жомок”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *