Мурда цесарка менен короз асманда жашаган дейт. Экөө бир күнү туакты бирге ичишет. Акыры ичерге эч нерселери калбаганда цесарка корозго деп турганы:
– Барып дагы таук апкелчи!
– Кичүүдөй болуп өзүң эле барып келсең, – короз кекеңдейт.
Экөө кыжыңдашат: кайсынысы улуу, кайсынысы кичүү экенине бирин бири ынандыра алышпайт. Экөө анан бул чырдын чын-төгүнүн териштирүүгө Күнгө барышат.
– Жерге түшкүлөчү. Менин деңизден жогору көтөрүлгөнүмдү кимиң биринчи көрөр болсоңор, улууңар ошол болот, – дейт Күн.
Экөө эмне кыла алышмак, жерге түшүнөт. Күндүн чыкканын көрүш үчүн цесарка дарактын эң башындагы бутакка конот. Короз жайбаракат дарактан ылдыйкы үйгө конот да, таң атпай: «Кукарекусун баштайт!» Цесарка андан кеч калса да, өз ырын сайрайт кубултуп.
Бирок мөрөйдү корозго уттуруп койгондуктан талааны көздөй дыр коёт. Ал мурда короз менен бирге жашаганы менен кийин ошентип үйдөн качма жапайы болуп калыптыр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы35
Алтын балык31
Суйуу жөнүндө жомок27
Көмөч нан (колобок) жомок24
Кыска жана күлкүлүү жомоктор21
Акыл карачач18
Тамсил: Кемпир жана тоок15
Акылдуу кыз14
Карышкыр жана жети улак14
Карышкыр менен эчки14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *