Окудуң борбор шаарынан,
Талабың артык барыдан.
Кат жазбайсың ойлонуп,
Анчалык неге буга таарынам.

Кадырлаш алтын сагындым,
Түгөнгүр, кат жазып неге бербейсиң.
Кайрылып мында келбейсиң.
Катышса киши аяктан,

Алыстан сени ойлодум,
Айтылды менин ойлорум.
Азаптуу кылып күйгүзгөн,
Түгөнгүр, алдыртан карап күлүп койгонуң

Кызыктуу сенин ойлоруң,
Кыйналтып мени койбогуң.
Кызыктырган адамды.
Түгөнгүр, кылчайып күлүп койгонуң.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *