Айылда Жабаги аттуу бала болуптур. Атасы да, энеси да жок экен. Жабагинин бул айылга кайдан, кантип келип калганын жан адам билчү эмес дешет. Анын зээндүү, адептүүлүгүн баары жакшы көрүп, колунан келген жардамдарын беришчү экен. Кээси бир сындырым чүрөк, кээси көйнөк-көчөгүн берчү дешет. Жабаги боз улан болгон кезде, ага эчки кайтартчу болушат. Жабаги эчкилерди тоолордун чокусуна чейин жайып барчу болот, а жакасында айыл конушу экен.

Бир күнү таң эрте эчкилерди жайып чыккан Жабаги тоонун кырында жарака пайда болгонун байкайт.

Эртеси ал жанына жумуртка ала келип, аны жараканын ортосуна коюп, кечке жуук караса эле – жумуртка түшүп кетиптир. Демек, жараканын чоңойгону да.

Боз улан анын кийинки күнү муштумдан чоңураак ташты жараканын ортосуна коюп кетип, кечиндеси караса, таш кургуйга кулаптыр. Айыл коопко кабыларын Жабаги дароо түшүнөт. Тоо козголсо, айыл соо калбайт дейт.

Кечинде эчкилерди жакага айдап түшүп, элге жарака жөнүндө айтып берет.

– Айланайындар, кырсык боло электе көчүп кетели, – деп Жабаги жакшы эле какшайт.

Аны уккандар «жаш баланын кеби да» деп күлүп коюшат:

– Бу жерде аталарыбыз, чоң аталарыбыз жашап өткөн. Андан бери солк этпеген тоого эми эмине болуптур, түгөт десе. Тоо эмей эле, ушу биздин арабызда жашаган өзүң коркунучтуу болуп жүрбө?..

Ошентсе да эси бары боз уландын айтканынын жөнү бар экенине ынап, айылдан көчүп кетишет.

Түндөрдүн биринде тоо кулап, айылды басып калыптыр. Ал эми Казанактын уулу Жабаги менен бирге кеткендер аман калат. Алар жаңы айыл куруп, ал жердин аты Жабагинин урматынан улам Казанак деп аталып калыптыр.

Ал айыл азырга чейин Баксан дарыясынын жээгинде турат.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы54
Акылдуу кыз жомок44
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Коён менен кирпи24
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу балдар15
Кырк калп жомок15
Акылдуу кыз13

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *