Каркыраны силер, балдар, билесиңерби? Билесиңер!

Буту узун, мойну узун, учат. Ии, ошол. Ошол каркыра деген куш ааламдагы бүт канаттуулардын падышасы болгусу келет экен да, анан ошол максатын ишке ашыруу үчүн дүйнөдөгү канаттуулардын баарын чакырат.

Баары келишет. Бирөө гана жок. Такташса, ал баарынан кичинеси, тырмактай гана канаттуу. Анын аты Буксэргинэ эмес беле дешет. Булбул сыяктуу, кол башындай, ыры токтобогон, чырайлуу чымчыкка эмне болду?

Аны көпкө зарыга күтүшөт. Каркыра узун моюнун улам созуп жол карап тынчы кетет. Акыры чыдабады, алдынан тосуп чыкканы жөнөдү.

Ал Буксэргинэге беймарал отурган жерден кезигишип калды. Ачуусу келген каркыра каардана сурады:

— Ай, кайда жүрөсүң!? Ушунча да узак учасыңбы?! Бүт канаттуулар сени күтүп атышпайбы!

— А мен алыс жактан учуп келдим. Канаттарым талыды. Көзүмдүн курчу кетти, талыкшыдым. Анан мынтип чарчап, эс алып отурсам сен келдиң.

Каркыранын жаны чыга жаздады:

— Ушу кибиреген сен үчүн мен алигиче падыша боло албай турам! – Ушинтти да каркыра кичинекей чымчыкты уйпалап кирди. Байкуш алсыз Буксэргинэ эмне кылсын, коргологонго карабай, тиги көлтөйгөн неме олчойгон буту менен оң канатын сындыра тепти.

Буксэргинэ көзүнө жаш алып, ыйлап кирди, кантсин анан, ага ким болушмак?

Аңгыча канаттуулар жабыла учуп келип калышты.

— Сага эмне болду? Сени ким мындай кылды? – деп сурашты алар Буксэргинэден.

— Мына бул каркыра менин оң канатымды кайрып салды, мен эми кантип учам? – Ыйлактады кичинекей канаттуу муңкана.

Ошенткенде каркыранын чакырыгы менен мында аны перенделердин падышасы кылып шайлаганы келишкен канаттуулардын баары ызы-чуу түштү:

— О! Ой! Кереги жок бизге мындай падышанын! Бул өкүмдар хан болсо баарыбыздын канатыбызды кайрыйт! Кереги жок! Болбойт, болбойт!

Канаттуулар каркыраны ортого алып соттоп киришти жана ага жаза бермек болушту. Ары талашып, бери талашып, акыры мындай бүтүмгө келишти: «Мындан кийин ысык жактарга учкан кезде каркыра канатын сындыргандыгы үчүн Буксэргинэ чымчыгын үстүнө кондуруп учуп, кайра кайтканда дагы ошентип ала келсин!»

Ошол жаза аткарылат.

Силер, балдар, каркыра ысык жакка учуп баратканда же келатканда абайлап карасаңар, үстүндө дагы бир караан баратканын көрөсүңөр, ошол ушул биз айткан жомоктогу Буксэргинэ экен деп билгиле.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы64
Акылдуу кыз жомок54
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок31
Акылдуу балдар26
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Көмөч нан (колобок) жомок25
Кыска жана күлкүлүү жомоктор23
Коён менен кирпи20
Бакыт-таалай каякта?19

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *