Датасы: 14.04.2024
Формат: mp3

Ала-Тоонун этеги
Менин сүйгөн шаарым бар
Сырга кошуп байытайын
Сырдашалы кабыл ал

Билсеең эгер ал жерде
Нарын деген Нарын деген шаарым бар
Таш-Рабат жаңы жер
Кошой атам баскан жер

Кеңпейилдүү мейман дос
Кел деп эшик ачкан эл
Эгер билсең сен досум
Досуң өскөн досуң өскөн ошол жер

Кайырма:

Топурагы алтын билсең эгер баркын
Туулуп өскөн ошол жер
Тоо койнуна жакын койнуна жакын
Токою да салкын
Биз чоңойгон ошол жер

Эгер билсең ары жагын
Аксай Арпа аймагы
Даамын татым кымызын
Бал татыган каймагы
Ыйык салтын билип ал
Ат-Башымдын Ат-Башымдын маанайын







Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *