Төрт кечил тоо этегинде жайгашкан храмдын үжүрөсүндө жети күн бою унчукпоо үчүн антташат. Аларга керектүү ар нерсени ташып кирүүгө малай баладан бөлөккө уруксат болбойт.

Караңгы кирери менен үжүрөдөгү чырак мына-мына өчүп калчудай үлбүлдөп баштайт. Башкаларга караганда шамга жакын отурган кечилдин бири бейпайга түшүп сүйлөп жиберет:

– Эй, бала, чырактын билигин түзөп койчу!

Муну уккан жанындагы кечил күңкүлдөп жиберет:

– Унчукпоо үчүн убада берген ким?!

Муну уккан үчүнчү кечилдин да тиги экөөнө жаны кашайып, ал да өзүн кармана албайт:

– Эй, силер эмне болгон адамсыңар?!

Тигилердин үнүн эшиткен эң төрдөгү кечилдердин улуусу да салабаттуу кейиптенип айтып турганы дейт:

– Ой, чиркин-ой! Мен гана үндөбөбөстөн отурдум го!

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы63
Акылдуу кыз жомок55
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок31
Акылдуу балдар26
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Көмөч нан (колобок) жомок24
Коён менен кирпи20
Бакыт-таалай каякта?19

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *