Датасы: 10.09.2024
Формат: mp3

Жебедей эки кашың тартылган

Жетсем деп сага талпынам

Суктанып суусап жүрүп кездештим

Сулууга сендей калкымдан

Жаштыкты биз сыйлайлы, ай асыл эркем

Жаштык ырын ырдайлы, ай асыл эркем

Жебедей каштарыңдан

Же сылап чачтарыңдан

Жер менен басканыңдан ай

Кайырма

Жүрөктөн чыккан

Жүрөктөн чыккан

Дартымды уксам

Дартымды уксам

Көңүлүм чындап сага берилген

Көбүрөөк айтчы кебиңден

Таштуу жер бастым кулунду издеп

Таппадым сендей элимден

Жаштык деген бир келет, ай асыл эркем

Жаштык өтсө ким берет, ай асыл эркем

Жебедей каштарыңдан

Же сылап чачтарыңдан

Жер менен басканыңдан ай

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *