Датасы: 08.12.2019
Формат: mp3

Көп элес өчпөстөн эсте баары,

Көңүлдүн калса да бөксө жагы.

Мен сени сагынган бойдон жүрөм,

Мезгилдер карматпай өтсө дагы.

Жүрөктүн буйругу башкачабы,

Жүрсө да тагдырдын канча тагы.

Мен сени сагынган бойдон жүрөм,

Жашынып жаштыгым калса дагы.

Өлчөмдүү бул өмүр тура кыска,

Өткөнгө өкүнүч кылабыз да.

Мен сени сагынган бойдон жүрөм,

Баладай багынбай убакытка.

Жыргатпай бул турмуш сонунуна,

Жылдарды койсо да орунуна.

Мен сени сагынган бойдон жүрөм,

Тумардай тагынып моюнума.

Бек Борбиев мен сени сагынган бойдон жүрөм караоке

https://youtu.be/d3tcG-nJnEc

Бек Борбиев мен сени сагынган бойдон жүрөм клип

https://youtu.be/UteejotEVFQ

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *