Датасы: 14.04.2020
Формат: mp3

Түн сүйүүмдү сага болгон,
Ушунча да эзесиңби?
Сага арнап ырдап жатам,
Сүйүүмдү сен сезесиңби?

Кайырма:
Сага арнаган ак сүйүүнүн,
Кадырына жетесиңби?
Макул болуп мени менен,
Токтогулга кетесиңби?

Жолугууга чакырайын,
Жообун айтып келесиңби?
Анчалык көп кыйнабачы,
Алда мени сезесиңби?

Кайырма:

Айтчы гана, жообун айтчы,
Алоолонуп күйүп барам.
Анчалык көп назданбачы,
Ал ансайын сүйүп барам.
Келчи, гүлүм көп күтпөстөн,
Максатыма жетсем окшойт.
Күтө бербей Токтогулга,
Алып качып кетсем окшойт.

Кайырма:

Сыймык Бейшекеев Токтогулга кетесиңби караоке

https://youtu.be/spSzwwKT8rE

Сыймык Бейшекеев Токтогулга кетесиңби клип

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *