Датасы: 18.10.2019
Формат: mp3

Сөзү : А.Бекташевдики

Обону : Н.Насиптики

Оо ата — энем аска зоом тирегим,
Силер менин бул жашоодо зирегим.
Дайым мага айткан сөзүң эсимде,
Эң биринчи тийсин элге керегиң.

Кайырма:

Атакебай, апакебай,
Силер барда мен максатка жетемин.

Оо ата — энем жан кубатым медерим,
Силерсиңер желбиреген желегим.
Көзүм ачтың, коштуң адам санына,
Силер барда мен максатка жетемин.

Кайырма:

Оо ата — энем теңдеши жок устатым,
Тарбияга тактап мени тынбадың.
Эми менин эң биринчи милдетим,
Эл алдында урматтаймын, сыйлаймын.

Кайырма:

Атакебай, апакебай,
Силер барда мен максатка жетемин
Эл алдында урматтаймын сыйлаймын.

Нурлан Насип — Ата Энем тексти: 5 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *