Сен сен дүйнө сен дүйнө, сенсиң зор дүйнө
Сезген жанга бакытка барчу жол дүйнө
Сезбегенге күндүзү чырак карматып
Сенек кылып көрүнбөс сырсың кор дүйнө

Болмушумду капарга илбептирмин го
Боз ала чаң жан дүйнөм кирдептирмин го
Бакытымды колунан жетелеп алып
Бакыт издеп жүргөнүмдү билбептирмин го

Кепке дагы сараң болуп сүйлөшпөй калдык
Келгин досум, чай ич үйгө жүр дешпей калдык
Теребелдин сулуулугу кызыктырбастан
Телефонго үңүлүп үндөшпөй калдык

Айфон жакшы баарынан керемет дейбиз
Самсунг мыкты сүрөт тартып берелек дейбиз
Кытайларың андан сонун ойлоп табыптыр
Кызык анда неге бизге келелек дейбиз

Эл көрсүн деп жашоосун керемет кылат
Эл көзүнчө алсызды жемелеп урат
Ыңгыранып сүйлөшүп байлык мансабын
Ырыскысын адам азыр тебелеп турат

Кайырма:
Сен сен дүйнө, эптүү жанга торсуң сен дүйнө
Сезимталга эстүү жанга жолсуң сен дүйнө
Жүзүн үйрүп кеткен жакын тууганы сымал
Жүдөмүшкө арылбаган шорсуң сен дүйнө

Дүйнөң түшкүр эч кимди аябайт экен
Дүмүрлөргө чалынсаң таябайт экен
Ансыз делк жети өмүрүң жерге түшсө да
Арсыз жандар басып төмөн табалайт экен

Өтмүшүмдө жаман жакшы иргебептирмин
Өзүмдү өзүм жаман жолдо тилдебептирми
Арман мага алтындарды аралап жашап
Алтын издеп жүргөнүмдү билбегендигим

Сыймык Бейшекеев — Сен дүйнө тексти: 6 комментарий

  1. Бул ыр жакты.жашап жаткан кундорубуз учурдагы баары ичинде камтылган. Авторго Ийгилик,бакыт!

  2. Бул ырда, учурдагы жашап жаткан учурубуз камтылган жакшы чыгарма болуптур. Авторго Ийгилик!

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *