Датасы: 10.08.2020
Формат: mp3

Билинбей окучулук мезгил акты
Торутуп гүлдөй назик жаш куракты
Толгунуп салыштырып карап турам
Оргуштап кайнап чыккан мол булакты

Кайырма:

Кош мектебим эжейлер агайларым
Парталаш классташтар курбуларым

Кызыл өң кызгалдактай жадыраган
Биз бүгүн балапанбыз учуп жаткан
Мектебим кош дей албай ич ачышат
Жүрөктү сезим бийлеп апкарыткан

Өзүңдү асыл уям кимге теңейм
Ким көрбөй мээрими кол энекемден
Узата ак жол тилеп тургансыйсың
Апамдай ысык сүйүп пешенемден

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *