Датасы: 10.08.2022
Формат: mp3

Таштап качпай тетир баспай
Биздин достор ысык таштай
Ынтымакка демделгендей
Даамы болсо ысык аштай
А бирок күндөрдөн бир
Ажайып күндөрүндө
Чартылдап кетебизби чагылгандай
Коебуз кантип биз араздашпай
Сөздөрдөн сөз талашпай

Кайырма:

Досторума кээде таарынамын
Сүйлөшпөймүн такыр жабыламын
Бир күн өтпөй кайра мен аларды
Сагынамын
Досторума баратамын
Белек кылып шипширин маанайымды
Таратамын

Досторум бар балдары бар
Өмүр ула шамдары ал
Бойдогу бар кээ бирөөнүн
Эркелеткен жандары бар
Издебей биз жакшы досту
Жакшы досту кимдер бербейт
Боло бер сен ортодо таарынычтар
Таарынычтар ошол сагынычтар

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *