Илгери-илгери бир дүнүйөкор адам болуптур. «Мал-
мүлкүмө зыян келтирет, тамак-ашымды ичип кетет» ‒ деп

элден бөлүнүп, бир ээн коктуга көчүп барып, жалгыз жа-
шайт. Ал коктунун төрүнө жайлап, жакасына кыштап, ма-
лын багып жүрө берет. Күн сайын ченеп тамак жасап ичип,

малынын туягын көбөйтүү менен алек болот.
Ошентип жүрүп карыйт, кемпири да алдан-күчтөн кете
баштайт. Бир күнү алардыкына бир чоочун жолоочу келет.

Жолоочу алыс жакка бара жатканын, тамактанып, тыны-
гып алгысы келгенин айтат. Дүнүйөкор абышка-кемпир ада-
тынча:

‒ Кондура албайбыз, араң жан сактап жүргөн бизди
коюп, ылайыктуу жериңди таап конгун, ‒ дешет.
Алар: «Бул жолоочу малыбызды уурдаганы келген неме
го» ‒ деп ойлошот да, кетип калар бекен деп ага тамак да
бербей коёт. Бирок жолоочу да көгөрүп, кечке чейин кетпей
отуруп алат. Кеч киргенде жолоочу:

‒ Кур дегенде улагаңарга эле жатып кетейин, ‒ деп су-
ранат.

‒ Жатсаң жат, ‒ деп айласы кеткенде уруксат беришет.

Чарчап келген жолоочу тез эле уктап кетет. Катуу уктаганы-
на көзү жеткен соң кемпири күндөгүдөй эле экөөнө ченеп

суу куюп, ченеп эт салып, тамак бышырат. Тамак бышкан
соң экөө этияттык менен иче баштайт. Абышка-кемпир экөө

Ырыскы 2

тең тоёт, бирок казанда дагы эле тамак артып калат. Мын-
дай кызыкка түшүнбөй, абышкасы кемпирин жемелейт:

‒ Жолоочуга тамак берейин деп атайын көп жасаган
экенсиң го!
‒ Жок, күндөгүдөй эле ченеп жасадым эле, андан көрө

сен мага көрсөтпөй кошуп койгонсуң го? ‒ деп айтыша баш-
ташат.

Ошол кезде уктап жаткан жолоочу ойгонуп кетет. Су-
раштырып, иштин жайын билген соң:

‒ Бул менин ырыскыма буюрган тамак тура. «Коноктун

ырыскысы өзү менен» деген ушул. Мага бербейин дегени-
ңер менен мага буюрган тамакка айла жок экен, ‒ дейт.

Абышка-кемпир ошондон кийин: «Элден бекер эле бөлү-
нүп, жалаң мал деп тоодо жүрүппүз. Келген конок өз ырыс-
кысы менен келет турбайбы. Андан көрө, эл арасына бара-
лы», ‒ деп тогуз жолдун тоомуна көчүп конушат.

Жолдон өткөн арып-ачкандарга бар тамагын аябай бе-
рип, элдин алкышы менен кемпир-чал жашарып, жыргап-
куунап эл арасында жашап калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы61
Акылдуу кыз жомок47
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок31
Кырк калп жомок26
Коён менен кирпи25
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу балдар16
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)14

Один комментарий к “Ырыскы”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *