‒ О, кайран бабаларым! ‒ деди карыя эми ошол сагыз-
ган конгон касек өрүктү карап. ‒ Атам Дөөлөт уста тиккен

өрүк.
Кемпир да көңүл бөлүп угуп турду.
‒ Бул өрүктү ошол киши тиккен эле. Атам, ыраматылык,

топурагы торко болсун, өлөр-өлгөнчө чарбак менен салам-
аликте жүрүп өттү. Бир жактан келгенде, же бак аралап ба-
сарда дайыма саамга токтой калуучу да, анан саламдаш-
чу: ‒ Ассалоому алейкум, бабаларым!

‒ Бул саламдашууну ошол кишиден үйрөндүңүзбү? ‒
деди кемпири.

Карыя күлдү да, анан сөзүн жөнөттү: ‒ Бир күнү, анда ки-
чинекей элем. Ата, ким менен учураштыңыз? ‒ деп сурап

калдым…
‒ Бабаларың менен, уулум. ‒ Дөөлөт уста уулун сынай

карады. Бала жаш эле, ошого аңкая түштү. Атаң бурум-бу-
рум сүйлөбөдүбү?

Бала бурум-бурум сөзгө түшүнө берчү эмес. Дөөлөт уста
күлдү да балага чарбак таржымалын баяндап берди.

‒ Четки курмайы өрүктү чоң атам Курманбай тиккен. Ан-
дан аркы өрүктү Курманбайдын агасы Нурманбай тиккен.

Нурманбайдын төрт уулу болгон: Турат, Мурат, Кубат, Кен-
жебай. Ошолор тээтиги катар өрүктү тигишти. Алардын бардыгы кечээги фронтко кетип, кайра кайтпай калышты. Алар-
дын арбагына багыштап, мына бул өрүктөрдү мен тиккем.

Уулум, биздин ата салтында дагы бир жакшы касиет бо-
лучу, аны да эске тутуп кой: ар бир жакшылык күнгө ба-
гыштап көчөт тикчүбүз. Ар бир үй-бүлөдөгү жаш баланын

төрөлгөнүнө, уул үйлөп, келин киргизгенде сөзсүз түрдө кө-
чөт тикчүбүз. Ким өз колу менен өрүк тиксе, ал өрүк ошо-
нун өзүнө айланат. Сен да өрүк тик!

‒ Жок, ‒ деди бала чындап, ‒ жок, тикпейм…
‒ Эмне үчүн тикпейсиң?
‒ Өрүк болгум келбейт…
Дөөлөт аталык мээримин чача уулунун көкүлүн сылады.
‒ А акылы жогум десе… Эми куру дегенде бабаларың
менен учурашып жүр…
‒ Макул, ‒ деди бала.

Ошондон тарта ал ар дайым эртең менен турганда сырт-
ка чыгып, бакка карап үн салат: ‒ Ассалоому алейкум, ба-
баларым!

Чарбактагы өрүктөр төрт мезгил бою: гүл жамынып жа-
зында, мөмө байлап жайында, саргазаңга чүмкөнүп күзүн-
дө, кар оронуп кышында баланын саламын үнсүз алик алып

турду. Там чарбактын дал ортосунда эле. Ортодогу там-
ды чарбак дайыма курчап ороп турчу. Улам бийиктеп өсүп,

шак-бутагы жайылган сайын там көрүнбөй баратты.
Бабалардын жакшылык күнгө арнап тиккен көчөттөрү
чарбакка айланып, урпактарына калтырган табериги болуп

калды. Карыя «ким өз колу менен өрүк тиксе, ал өрүк ошо-
нун өзүнө айланат» деген сөздү бекеринен айтпаса керек.

Карыянын өрүктөргө эмес, бабаларына айткан саламы,

ыраазычылыгы, урматтоосу экенин түшүндүңөр деп ише-
небиз.

Демек, силер чырпык тиксеңер чынар, көчөт тиксеңер
чарбак болорун унутпагыла.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы65
Акылдуу кыз жомок49
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
Коён менен кирпи25
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Акылдуу балдар20
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу кыз18
Кырк калп жомок15

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *