Жоомарт жана адил аудиосун угуу

Илгери, илгери бир кылымдарда жанаша жашаган эки элде Жоомарт жана Адил деген кандар өткөн экен. Жоомарт кан калкына карамдуу, элди тегиз көргөн, тегиз жашасын деген киши болгон. Бул кан бир күндө сарайында түшкө дейре иштеп, калган убактысында элди аралап, «ач, жылаңачтар жокпу» деп жүрүп өткөрчү экен.

Күндөрдүн биринде талаа-түздөгүлөрдү кыдырып келатып, суу ичип аткан эшекти көрөт. Аны абайлап караса арка-башы жоор, арык, алы кетип арыган эшек экен. Жоомарт «бул эшек элге кызмат кылган, эчен жолу эмгектенген, ошондуктан ушул абалга жеткен», — деп ал эшекке күмүш жүгөн катып алып барып, өз сарайына бактырып коёт.

Ошол эле мезгилде Адил деген кара кылды как жарган «бул алыс, тигил жакын» дебеген кан болгон экен. Сурак сураганда «өзүмдү көрсө сүрдөнөт, сөзүнөн жаңылат же кошомат кылат», — деп суракты көшөгөнүн ичинде олтуруп алып, жүзүн элге көрсөтпөй сурачу экен. Бул эки кандын вазирлери, кеңешчилери эки канды бири бирине ушактап, чагымдап олтуруп, экөөнү уруштурат.

Ошондо Жоомарт кан элине «Адил кандын колу көп экен, силер бөөдө кырылып каласыңар, андан көрө мен качып кетейин, силер кол көтөрүп багынып бергиле, ошондо кырылбай эсен каласыңар»,- дейт да качып кетет. Ал качып барып, ыштыкка кирип бекинет. Ошол ыштыкка жакын жерде бир бечара аялы менен жашайт экен. Бул экөөнүн эл орунга олтургандагы сөзүн далдаадан уккан Жоомарт, алардын үйүнө түн жамынып кирип келип:

—  Элиңерде эмне жаңылык бар?- деп сурайт.

Ал бечаралар:

—  Эки кан урушуп, Жоомарт кан качып кетиптир. Адил кан «Жоомарт канды ким кармап берсе, ага Жоомарттын салмагындай болгон дилде беремин» деп жар чакыртты, болгон жаңылык ушул, мындан башка жаңылык жок,- дейт.

Жоомарт кан:

— Ошол качып кеткен Жоомарт менмин, мени же бузуку, же бир митаам, же бир зөөкүр таап алып канга алып барып, анын алтынын алып жыргайт. Андан көрө силер менин эки колумду артыма байлап, мойнума чылбыр салып, бириң жетелеп, бириң шыйракка чаап айдап, канга алып баргыла да, анын алтынын алып убай көргүлө,- дейт.

Анда тиги бечаралар:

— Сизди жалдыратып алып барып көргөн оокатыбыз курсун, ушул эле оокатыбыз жетет,- дешет.

Жоомарт:

— Силер эле алып баргыла, менин каныма силер забын болбойсуңар, турмушуңар оңолот. Адил болсо менин каныма забын болот,- дейт.

Жоомарттын сөзүнө макул болушуп, эки бечара аны бири жетелеп, бири айдап канга жөнөшөт. Баратканда алдынан зөөкүр чыгып калат да:

—  Бул ким?- дешет.

Эки бечара:

—  Бул баягы качып кеткен Жоомарт кан, кармап алдык, канга алып баратабыз,- дешет.

Тигил зөөкүрлөр эки бечарадан Жоомартты жулуп алып кетишет. Жолдо баратканда дагы башкалар алардан жулуп алып кетишет. Ошентип олтуруп Жоомартты Адил канга жыйырманчы киши жетелеп барат.

Адил кан Жоомартты зынданга салдырып:

—  Ким алып келди?- деп сурак кылат.

—  Жоомартты мен алып келдим,- дешип баягы биринен бири жулуп алышкан жыйырма киши чуулдашат.

Адил кандын жигиттери Жоомартты зындандан чыгарып келишет. Адил кан ким кармап келгенин сурайт. Мени булар алып келишкен жок, мени кармап сизге алып келатканда мына бул кишилер кемпир, чалдан зордуктап тартып алышкан, эмгек мына бул бечаралардыкы деп, кемпир менен чалды көрсөттү. Адил кан кемпир, чалга Жоомарттын салмагындай алтын берет. Кемпир, чал Жоомартка алкыш айтышып, кубангандан кудуңдап жолго түшүшөт.

— Булар сени эмнеге алкап кетип баратышат,- дейт Адил кан.

Жоомарт Адил канга болгон окуяларды айтып берет. Адил кан «ушундай элине кайрымдуу, бечарага дитин берген, эл үчүн туулган адамды өлтүрүүгө болбойт, биздин ичибизден чыккан бузукулар уруштурган турбайбы», — дейт да Жоомартка таажысын кийгизип, тагына мингизип кан көтөрөт, өзү ага вазир болот. Бул экөө эл ичиндеги бузукуларды, митаамдардй, кара ниеттерди тазалап жок кылышат. Ошондон кийин эки эл бир нече кылымдар тынч жашап калган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок16
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *