Жакшы сөз кандай жакшы жан эргитет.
Жакшынын ойлору бар мээ сергитет.
Жанашсаң андай жанга капысынан.
Жан дүйнөң аалам айды эркин кезет.
Жан дүйнөң аалам айды эркин кезет.
Кайырма:
Жакшы адам жылдыз сымал жанып турат.
Жүзүнөн жылуу нуру тамып турат.
Дидары аурасы таза жандар.
Дилиңе аруулукту салып турат.
Баарлаштым дал ошондой адам менен.
Баятан сыр чечиштим калаам менен.
Жүрөктөр шыбырашып жазылды чер.
Алдыга шилтеп таза кадам менен.
Баарлаштым Атакемдей адам менен.
Съездбек Искеналиев — Жакшы адамдар тексти
Датасы: 14.08.2020 Көрүүлөр: 738