Жолугуп ойлонбогом эч нерсени
Чынында түйшүктүн да жеткен чеги
Үйрөтүп санаалардын көздөрүмдө
Мынчалык күлбөптүрмүн көптөн бери
Кайырма:
Айтылды тамаша сөз түркүн-түркүн
Бул күнгө баасы жетпес, берсе миң күн
Жаандай дарыяны ташкындаткан
Күч берди мага бүгүн сенин күлкүң
Күлдүрүп, күлүп көпкө бир басылбай
Боорумду эздиң мынча кымбатым ай
Бирөөгө таарынганым унутуп калып
Айтылды жүрөктөрдө сыр катылбай
Кайырма :
Данияр Эрматов — Сенин күлкүң тексти
Датасы: 14.08.2020 Көрүүлөр: 772