Датасы: 13.08.2020
Формат: mp3

Чакчайдык бизден сага саламдар
Кулдук уруп, жакындасын кадамдар.
Капа болбо, отуз күндүк орозо
Кадырыңды билбей жатса жарандар.
Сезимдерди ойготкон гана орозо
Сени күтөт жаман, жакшы адамдар.

Кайырма:
Кел орозо, кел орозо
Кетпе бизден, сен Рамазан.
Аллах сүйгөн кулдарыңа
Ырайымды бер Рамазан.

Бир мүнөт көз ирмемдер күмүштөн
Алла- талла жолу кандай күлүстөн.
Пейил таза адамдарды кучактап
Периштелер жерге түшөт бийиктен.
Касиетин кадырлашып каабалар
Кан майданда орозодо жүрүшөт.

Кайырма:
Кел Рамазан, кел Рамазан
Кетпе бизден, сен Рамазан.
Аллах сүйгөн кулдарыңа
Ырайымды бер Рамазан.

Ооз ачарда кенен жайып тасмалды
Орундатып курма-жүзүм, ак нанды..
Күтөт баары толкунданып бактылуу
Күүгүмдөнүп күн кызарып батканды.
Сагындырбайт кандай жанды билбеймин
Саат жебесин ооз ачаарга шашканды.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *