Датасы: 09.07.2020
Формат: mp3

Көргөндө сени дүйнөм кетти калтырай,
Көзүңдө нуруң бар тура ай…
Жаным Алтынай,
Жана бергин жаркырай,
Жанашып мага ай чырай…

Бактым деп барам мен сага,
Ашыгым болчу садага!

Кайырма:
Жүрөгүмдү ээлеп алган жалгыз бактым ай,
Кыялымда издеп жүрүп сени таптым ай!
Бийиктесиң сен айдай,
Суктанамын мен талбай,
Жанымда болчу суранамын ай, Алтынай!

Сулууулугуңдан гүлдөр үлгү алчудай,
Жаз дагы жайнап жанчудай.
Жаным Алтынай,
Мөлтүр тунук тамчыдай
Учамын сен жакка карай…

Бактым деп барам мен сага,
Бакытым болчу садага!

Кайырма:
Жүрөгүмдү ээлеп алган жалгыз бактым ай,
Кыялымда издеп жүрүп сени таптым ай!
Бийиктесиң сен айдай,
Суктанамын мен талбай,
Жанымда болчу суранамын ай, Алтынай!

Один комментарий к “Нурмат Садыров — Алтынай тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *