Эл ичинен озгөчөм ашык болуп
Эске түшсөң мөлтүрөйм жашык болуп
Бакыт издеп өзүңдү эңсеп келем
Бала кезден жолуккан жашыл жоолук
Кайырма:
Эй жашыл жоолук
Бала кезден жолуккан жашыл жоолук
Жүрөгүмдү сага деп арнап коюп
Жүрөмүн өзүм өзүмдү алдап коюп
Жалындаган от болуп күйүп жанып
Жүрөгүмдү сезбедиң жашыл жоолук
Жазым жайым шуулдайт кайык болуп
Жүрөмүн жалгыз бук болуп жашык болуп
Жок дегенде жөн гана көңүл улап
Жарк деп күлүп койсоңчу жашыл жоолук
Кайгы тартам сен жоксуң алсыз болуп
Калат дүйнө сезилбей жансыз болуп
Карегиңден нур жанган жүрөгүмдү
Кантып сага келатам жашыл жоолук