Датасы: 17.08.2020
Формат: mp3

Санаанын жүгүн артынып
Сагынып келдим шашылып
Бут тоскон адамдарга
Ишенбей жалгандарга
Жолуктук элден жашынып
Жолуктук элден жашынып

Сүйдүм го бала кезимден
Ал күндөр кетпейт эсимден
Көзүмдөн аккан жашым
Ысытып карындашым
Акты го менин бетимден
Акты го менин бетимден

Кайырма:

Махабат кандай улуулук
Маңдайга жазган сулуулук
Бар беле жашырганың
Ыйладың неге жаным
Өксүдүң айтпай буулугуп
Ыйладың неге буулугуп

Жүрөктү жалган кыйнады
Сезимим сени кыйбады
Көзүңдү карап турдум
Өзүңдү аяп турдум
Түн дагы сен деп ыйладың
Коюу түн кошо ыйлады
Жаныңда дайым болоюн
Бакытка салып ороюн
Көтөрүп көңүлүңдү
Көп тилеп өмүрүңдү
Сүйүүңө сенин толоюн
Сүйүүңө сенин толоюн



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *