Датасы: 12.07.2020
Формат: mp3

Элестеп көз алдыма,
Балалык өткөн күнүм.
Ак чөлмөк ойноп тойбой,
Өткөргөн айлуу түнүм.

2 жолу
Кайрылгыс бакыт экен,
Жыргалы жаштыгымдым.
Сагынтып жүрөк толгойт,
Ырнагы шаттыгымдын.

Алыстап бараткансыйт,
Айрылып жаштыгымдан.
Бактылуу күнгө толгон,
Табылгыс байлыгымдан.

2 жолу
Шаштырбай коё турчу,
Алыстап менден качпай.
Калтырып ара жолдо,
Айрыба жаштыгымдан.

Элестеп көз алдыма,
Балалык өткөн күнүм.
Ак чөлмөк ойноп тойбой,
Өткөргөн айлуу түнүм.

2 жолу
Кайрылгыс бакыт экен,
Жыргалы жаштыгымдым.
Сагынтып жүрөк толгойт,
Ыргагы шаттыгымдын.
Сагынтып жүрөк толгойт,
Ырдагы шаттыгымдын.





Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *