Датасы: 26.12.2024
Формат: mp3

Жададым жалгыздыктан
Жарым түн мейкин кыска
Сен дагы чарчадыңбы
Жүрөккө толгон буктан
Күндөрдү күттүң бекен
Сырдашып черден чыккан
Асманды карап чексиз
Агарып жылдыз учкан
Жолдорду баштап келчү
Жолугуу көздөн учкан
Бир гана жадабадым
Сагынычтан сагынычтан

Чарчадым жаңылгандан
Күн санап зарылгандан
Өңүмдө жолукпастан
Түшүмдө жалынгандан
Көрүшпөй узак жылдар
Көңүлдө калган арман
Жададым көр тирликти
Моюнга тагынгандан
Маңдайда жазуу деген
Тагдырга багынгандан
Бир гана жадабадым
Сагынгандан сагынгандан

Чарчадым басынгандан
Чачылдым асыл арман
Таппадым адашкандан
Тагдырда табылганда
Бук толуп бөксөртпөгөн
Бул жарык жашоо жалган
Кечиктим дей албастан
Кечикким келет абдан
Купуя күтүп сени
Кусалуу камынганда
Бир гана чарчабадым
Сагынгандан сагынгандан

Гульнур Сатылганова — Сагынгандан тексти: 6 комментарий

    1. «Кечитим дей албастан
      Кезикким келет абдан» деп жатат кечикким келет эмес кезикким келет деген

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *