Мурда менин атам аары бакчу. Жөн бакчу эмес ар бир аарысына Майра, Тайра, Анна деген сыяктуу өзүнчө аттарды коюп, баардыгын сылап-сыйпап эркелетип турчу. Бир ирет атам мени бал челектерди кайтарууга жиберди. Алар дарыянын аркы жээгинде болчу.

Ошентип дарыяга жеткенимде наркы өйүздө өгүздөй болгон чоң аюу Тайра аттуу аарыбызды жара тартып жеп жатканын көрдүм. Эмне кылыш керек? Тиякка-биякка чуркап, кайык же көпүрө таппаганымда акыры өзүмдү-өзүм желкеден алып ыргыттым эле, бир заматта наркы өйүздө болуп калдым.

Бирок аюу Тайраны жеп, сөөктөрүн гана калтырып өз жолуна түшүптүр, таппай калдым. Эки жакты караганга эч кандай дөбө же дарак жок экен, эмне кыларымды билбей туруп калып, анан аарынын сөөктөрүн жыйсам, асманга жете түштү.

Чыгып баратып байкабастан булутту сүзүп алып, жөн жер эмес болгондо да сормо сазга кулап, баткакка белиме чейин батып, ары жулкунуп, бери жулкунуп чыга албай койгонумда, үйгө чуркап барып күрөк алып келип, казып атып сормодон эптеп чыгып, эки жакты карасам, баягы аарыны жеп чоң тойгон аюу чердейген курсагын күнгө кактап саз четинде жатыптыр.

— Аа! Кармалдыңбы! – деп кыйкырып жиберсем тура калып качып жөнөдү. Артынан кууп жетейин деп калганымда эмен дарагынын боорундагы оюкка кире качпаспы. – Эми даана кармалдың! – деп оюкка кол салсам чыпалагым да батпады. Ары карап, бери карап, “эмне болсо ошол болсун!” деген ойдо алыстан чуркап келип эмендин оюгуна бой урсам, так эле аюунун жанына түштүм. Калтырап-титиреп корккон аны шак эле желкеден алып сүйрөп чыгайын десем, оюктун оозу тар экен, батпадым.

Үйгө чуркап барып араа менен балта алып келип, оюктун оозун чоңойтуп, аюуну сыртка сүйрөп чыкканымда ал мени лак эттирип сугунуп албаспы. Мына сага кырсык! Аюунун курсагында дем жетпей думугуп баратканымда кайрадан үйгө чуркап барып, атамдын чоң бычагын алып келип, аюуну жара тарта сойдум да, анын ичиндеги өзүмдү издеп таап куткарып калдым.

Ошентип кыйынчылык менен ээ болгон олжомду чөнтөккө салып, бал челектерге келсем кайран Тайра аарым эч нерсе болбогондон бетер башка аарылар менен гүл соруп, бал ташып учуп жүрөт.

Мендей чынчыл жигиттин башынан мына ушундай укмуш окуя өткөн.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок37
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
ЖАЛКОО16
Карышкыр менен эчки16

Аары кайтарганда: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *