Датасы: 10.09.2020
Формат: mp3

Закымдап кеткен элестер,
Түшпөсө эске ким эстер.
Түшүрөп жүрсөм аралап,
Кызгалдак терген белестер.
Жалындап өткөн мезгилди,
Жаш алам көзгө эми эстеп.
Бүлдүркөн терсек сыдырым,
Сылаган жүзүң кыдырып.
Эркелеп тостун ошондо,
Тентисе тентек сыдырым.
Сыдырым болбой эмне деп,
Ичимден тынгам сызылып.
Балдыркан терсек караган,
Балтырың чийип канаган.
Карабай ага кечкенсин,
Суктантантып сууга жалаган.
Суу болуп калбай эмне деп,
Ойлорго чөккөм ааламат.
Эзелки ойлор аламан,
Булуттай ээрип тараган.
Жаштыктын жашыл ээлеси,
Эмгиче кетпейт санаадан.
Азыр да журөк зырп этет,
Кызгалдак көрсөм талаадан.

Айбек Касымов — Эңсөө тексти: 9 комментарий

  1. Айбек Касымов агабыз ото жакшы ырдайт азаматсыз ага сиздин ырларыныздын баарын угам

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *