Датасы: 10.09.2020
Формат: mp3

Сөзү : Аалы Токомбаевдики
Обону : Асанкалый Керимбаевдики

Сүт эмген бала жыттанган, илебиңди сагындым,
Мойнумду сылап артылган, билегиңди сагындым.
Талпынсам таппайм айласын,
Талаада калган өңдөнөм,
Таалайым Мунар, кайдасың?

Кучактап турсам туйлаган, жүрөгүңдү сагындым,
Эңкейсең эрке чайпалган, күбөгүңдү сагындым.
Муңаям таппай айласын,
Муңканып жалгыз отурам,
Муңдашым Мунар, кайдасың?

Балбылдап карап оштонуп, күлгөнүңдү сагындым,
Керүүдөн чыккан маралдай, жүргөнүңдү сагындым.
Талпынам таппайм айласын,
Таң атат дагы күн батат,
Тагдырым Мунар, кайдасың?

Гүл бурак жийде жыттанган, илебиңди сагындым,
Мойнума жумшак оролгон, билегиңди сагындым.
Көксөймүн таппай айласын,
Көңүлгө тете кылайын,
Түшкө кир, Мунар, кайдасың?

Один комментарий к “Айбек Касымов — Муңдашым Мунар, кайдасың? тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *