Датасы: 13.05.2022
Формат: mp3

Бүркөлбөсө асманың жамгыр болобу
Үзүлбөсө сабактан гүлдөр соолуйбу
Кычыраган кыш күнү аяз болбосо
Өзөндөгү шар аккан суулар тоңобу

Кайырма:

Жашай бергин басылбай
Бакытыңды качырбай
Бирде таттуу бирде ачуу
Турмуш деген ушундай

Капа болбо жөн эле
Жаман сөздөргө
Көрүнбөй жүр көп эле
Суук көздөргө
Бүгүн турсак кайгырып
Эртен кубанып
Көтөрөлү көңүлдү досум чөгөрдө

Оору жандын кадырын оору жан билет
Түн артынан күлмүңдөп кайра күн келет
Калтырбайлы көңүлдү
Ушул жашоодо
Канча калды убакыт
Канча калды жашообуз
Достор ким билет

Жашай бергин басылбай
Бакытыңды качырбай
Бирде шекер бирде туз
Жашоо өзү ушундай

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *