Түлкү азык издеп, жортуп келе жатканда, бир топ чөөлөргө кезигип калат. Түлкү адегенде чочуп кетти, бирок сыр алдырбай, ызаат кылып:

— Сиздерди көргөнүмө кубанычтамын, достор! Кош келипсиздер. Жол болсун, кайдан келип, кайда бара жатасыздар? – деди.

Чөөлөрдүн дөбөтү жооп берди:

— Санаалаш түлкү доско туш келгенибиге кубанычтабыз. Тиги өзөндүн аркы бетиндеги бамбук токою – биздин мекенибиз. Бирок жагдайыбыз анча эмес,  кийинки үч күндө наар албай, тишке бирдеме илинеби деп өзөндөн өтүп келип турган жайыбыз ушу, — деди.

Түлкү унчукпай калды. Чөөлөр ал биз үчүн кыжаалаттанып, бирдеме табайын деп ойлонуп жаткан чыгар  деген үмүттө болушту. Түлкүнүн чын эле шаштысы кете баштаган.  Бул жердеги жан-жаныбар булардан калбайт ко, өзүм ач калам да деп бир амал ойлой баштады. Ойлонуп болгон соӊ мындай деди:

— Достор, силер эч ойлонбогула. Ушул жерде менин жүзүмдүгүм бар. Анан бакчыларым тоок да багат. Тоок даяр болгончо жүзүм жеп тургула, мени ээрчигиле.

Чөөлөр өздөрүнчө кеӊеше калышты. Дөбөтү күдүктөнүп:

— Жүзүмдү кайдан өстүрүп жүрөсүӊ? Жүзүмдүк өзүӊдүкү экенине кандай далилиӊ бар? Биздин көзүбүз жетсин, болбосо башканын багына туш келип бир балээге учурап каларбыз, – дейт.

Түлкү анткор жылмайып:

— Достор, коркпой эле жүрө бергиле, менин күбөлүк кагаздарымдын баары дурус. Аны да көрсөтөм. Бирок азыр «Келгенче конок уялат, келген соӊ үй ээси уялат” демекчи, силерге деген сыйымды көргүлө. Жүргүлө, жүзүмдүккө кирели, – деп чакырат.

Жүзүмдүккө жеткен соӊ, чөөлөрдү ичкериге киргизип жиберет да:

— Барып тойгончо жей бергиле… – дейт.

Түлкү өзү кашаага секирип чыгып, тигилердин кызыгына батмакчы болот. Чөөлөр жүзүмгө жетип жей башташты. Жүзүмдүн ээси менен бакчылар аларды алыстан байкап, алардын үйүрү менен экенин көрүп айылдын элин да көмөккө чакырган эле. Таяк, мылтык, союл көтөргөндөр чөөлөрдү курчап калганда, ортодо калгандарын көргөн чөөнүн дөбөтү түлкүгө кыйкырды:

— Мына журт эмне чуу салып жатат,  бизге жабылды го? Бизди курутайын деген немелер экен, күбөлүгүӊдү көрсөтүп, бактын ээси экениӊди айтпайсыӊбы!..

– Азыр күбөлүк көрсөтө турган убакыт эмес, – деди  түлкү тез жооп катып, уга турган түрү да жок мени. Булар акылга токтой койбос…

Ошентти да кашаадан секирип түшүп жок болду.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок34
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *