Датасы: 05.05.2020
Формат: mp3

Классташтар тексти

Классташтар бирге окуган
Ойлой калсам жүрөк толкуган
Балалыктын таттуу күндөрү
Эске түшүп ойлоп олтурам

Сабактардан качып жакпаган
Кээ күндөрү сабак жаттаган
Мектебимде өткөн күндөрдү
Жүрөгүмдө бекем сактагам

Кайырма:
Он жыл өтүп сагынышып кайра жолуктук
Бирибиз жар бири анда але колукту
Ал кезекте али бала бойдон экенбиз
Жаштык жалын өрттөй мүнөз түрлүү жоруктуу

Кандай сонун күндөр өткөрдүк
Оюн күлкү шаттык көп көрдүк
Алгач сезим сүйүү ойгонуп
Бойго жеттик кыйла өзгөрдүк
Тагдыр жолго түштүк тарадык
Баарыбызга бакыт кааладык
Күндөрүбүз жылга айланып
Жолугуну кайра самадык

Кайырма:
Учкан куштай жылдар өтүп тез эле
Жыйырма жылдык жолугушуу келген кез эле
Бир туугандай сагынышып кайра көрүштүк
Балалык кез көңүлдөрдөн өчпөйт эч эле

2-жолу:
Классташтар кайда жүрсөк аман бололуу
Ишке ашсын тилектер койгон жогоруу
Отуз жылдык кырк жылдык элүү жылдык деп
Келечекте жолугууга максат койолу

Классташтар клип

Айнура Салахидинова, Азиза & Роза Шакирова — Классташтар тексти: 3 комментарий

  1. Эң соонун чыгыптыр классташтар денег ыры6ыз азаматсыздар каттасы жокк аябай сооонун чыгыптыр

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *