Кереметтүү сен атамсың, энесиң,
Салыштырып салайын деп теңелсин.
Карааныңдан кагылайын Ала-Тоом,
Кимдер сени ата-энем дебесин.
Ырым менин, сенин демиң эмеспи,
Суктанамын минип кыял кемесин.
Көңүл толкуйт көркөмүңдү көргөндө,
Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң.
Карааныңдан кагылайын Ала-Тоом,
Кимдер сени ата-энем дебесин.
Көңүл толкуйт көркөмүңдү көргөндө,
Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң.
Айпери Кубик кызы — Ала-Тоо тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 161