Мектебим мен окуткан эжейлерим агайларым,
Мектебим тарбиялап чоңойттуң го мени дайым.
Баш ийип таазим кылам биздейди адам кылган,
Мектебим сени унутпай өмүр бою сени сыйлайм.
Кайырма:
Классташ кыздар балдар,
Кайдадыр алыстарга учасыңар.
Классташ кыздар балдар,
Куш болду кечээки эле балапандар.
Классташ кыздар балдар,
Унутпа уяңарды учкан куштар.
Классташ кыздар балдар,
Каалаймын ачылса экен ак жолуңар.
Дос болуп он жыл бою бир класста бирге окудук,
Дос болуп бала кезден кубалашып биз ойнодук.
Коңгуроо шыңгырады, убакыт зымырады,
Эй достор өттү күндөр балалык кез артта калды.
Кайырма:
Классташ кыздар балдар,
Кайдадыр алыстарга учасыңар.
Классташ кыздар балдар,
Куш болду кечээки эле балапандар.
Классташ кыздар балдар,
Унутпа уяңарды учкан куштар.
Классташ кыздар балдар,
Каалаймын ачылса экен ак жолуңар.
Жаман эле болуптур. ⭐⭐⭐⭐⭐
Мне не
Мнеге
Ооба мага дагы абдан жакты
вообще-то норм, ну по мне
Мага Айпери эже абдан жагат чыгармаларын сүйүп угам
Мага Айпери эженин ырлары аябай жагат
Ооба мага дагы абдан жакты
Кл
Бою
Оа мага Ата Эне классташ жана озумдон озум адашам ,акуу болуп учкум келет деген ырлары абдан жагат
Ооба жакты