Датасы: 25.05.2024
Формат: mp3

Жалыңдуу жаштык кезимде
Туулуп өскөн жеримде
Жактырып сени сүйгөнмүн
Алгачка таза сезимде

Айылдын айлуу кечинде
Айланма көлдүн четинде
Айтышып сырлар чечип
Айланып суулар кечип
Махабат көлүн табарсың

Кайырма

Эй ардагым
Ак сүйүүң мага арнагың
Түбөлүк сени сүйдүм
Башка бир жанга барбагың

Көрбөсөм сени сагынып
Көрсөм деп күтөм зарыгып
Көнбөскө менде не айла
Сүйүүгө калдым багынып

Кыйнаба менин жанымды
Ачсаңчы менин багымды
Түбөлүк бирге болуп
Сүйүүбүз нурга толуп
Көңүлдүн черин жазалы

Кайырма

Эй ардагым
Ак сүйүүң мага арнагың
Түбөлүк сени сүйдүм
Башка бир жанга барбагың

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *