Датасы: 25.05.2024
Формат: mp3

Ысысаң чалкыган мен көл болоюн
Үшүсөң эшилме көл чөл болоюн
Өйдөдө өбөк болор бел болоюн
Самайын кытыгылар жел болоюн

Кайырма

Не болсоң бир өзүңө тең болоюн
Чалыксаң эс алдыраар дем болоюн
Тарынтып капалантса кимдир бирөө
Ыр ырдап көңүл ачу мен болоюн

Нөшөрлү жамгыр болуп төгүлөйүн
Ойлонсоң санаң болуп чөмүлөйүн
Тажасан бардыгынан сен чалыксаң
Бейиште күл зар болуп көрүнөйүн

Кайырма

Не болсоң бир өзүңө тең болоюн
Чалыксаң эс алдыраар дем болоюн
Тарынтып капалантса кимдир бирөө
Ыр ырдап көңүл ачу мен болоюн

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *