Жаныңды көрдүм жанардан
Жүрөгүң нурдан жаралган
Кызганып бардык адамдан
Эч кимге бербей сүйөмүн

Издегем айдан жылдыздан
Өзүңдү таптым кыргыздан
Айыктым сүйүү дартынан
Эч кимге бербей сүйөмүн

Кайырма

Кардаңда менин аппагым
Айдан да сулуу ак таңым
Өмүрдөн издеп тапканым
Эч кимге бербей сүйөмүн

Жетпесем бийлик байлыка
Таарынбас элем тагдырга
Сен болсоң болду жанымда
Эч кимге бербей сүйөмүн

Оорубас үчүн көңүлүң
Арнадым сага өмүрүм
Ачылган кызыл гүл өзүң
Эчкимге бербей сүйөмүн

Кайырма

Кардан менин аппагым
Айдан да сулуу ак таным
Өмүрдөн издеп тапканым
Эч кимге бербей сүйөмүн

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *