Датасы: 24.07.2026
Формат: mp3

Аткаруучу: Айтурган Абдразакова
Сенин көзүң түпсүз терең
Туңгуюктан жаралган
Сезгим келет махабатты
Сенде турган жанардан
Өзүң гана өрт сезимди жан дүйнөмө жагалган
Өзгөрөмүн сени көрсөм сүйүү кетпей санаамдан

Караганың арбап алаар
Касиеттүү бак мага
Күлмүңдөгөн жүзүң сенин, башкалардан башка да
Сага деген сан ойлорум кирсиз тунук ак гана
Сен бар асман ачык мага нөшөр төгүп жатса да

Толуп турган каректериң агарган бир таң бекен
Жүрөгүңдүн актыгычы, ак булут же кар бекен
Сенсиз өткөн күнүм көрксүз сен бар күнүм шаң бекен
Сени сырттан сүйүп жүргөн мендей адам бар бекен

Бул Ааламда сенден артык жан бар десе көнбөймүн
Бар болсо да мен ошого көп ишене бербеймин
Өзгөлөрдөн бөлүнөсүң боло алмак сендей ким?
Көзүм көрөт бирок сенден бөлөк жанды көрбөймүн

Махабаттын дайрасына толкунумду тартамын
Жүрөгүмө сезимдердин толо жүгүн артамын
Унчукпаган адам элем жашыруудан чарчадым
Ушу бир күн сага барып сүйөрүмдү айтамын!
Унчукпаган адам элем жашыруудан чарчадым
Ушу бир күн сага барып сүйөрүмдү айтамын!

Сенин көзүң түпсүз терең
Туңгуюктан жаралган
Сезгим келет махабатты
Сенде турган жанардан
Өзүң гана өрт сезимди жан дүйнөмө жагалган
Өзгөрөмүн сени көрсөм сүйүү кетпей санаамдан
Өзүң гана өрт сезимди жан дүйнөмө жагалган
Өзгөрөмүн сени көрсөм сүйүү кетпей санаамдан
Унчукпаган адам элем жашыруудан чарчадым
Ушу бир күн сага барып сүйөрүмдү айтамын!
Унчукпаган адам элем жашыруудан чарчадым
Ушу бир күн сага барып сүйөрүмдү айтамын!

YouTube булагы

Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *