Датасы: 16.04.2024
Формат: mp3

Ак шоола жарык чашчы өмүрүмө
Ак шоола карек берчи көздөрүмө
Жараткан бир өзүңө ыраазымын
Жаралып бул дүйнөгө келгениме

Кайырма:

Ак шоола туңгуюкта сенде үмүттүм
Ак шола ар бир таңда сени күттүм
Аярла жаратканым мендей жанды
Туунартып каалабачы каректерим

Жан дилден сезип турам көөдөнүмдөн
Багышта ак шоолам бир өзүңө
Жараткан айланамды жарык кылчы
Жарк этип нурун чашчы бир мүнөткө

Көрөйүн айланамды сулуулукту
Жарык бар ыйыктык улуулукту
Ак шоола мага нуруң төгүлсүнчү
Жараткан билгим келет бийиктикти

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *