Датасы: 14.10.2020
Формат: mp3

Жан дүйнөмдүн жарык шооласы,
Сени издейт чексиз ааламда.
Мээрим чачып турсаң жүрөккө
Бул жалганда.
Тагдырымдын белегисиңби,
Таңдагы периштем сенсиңби,
Таң каларлык нуру төгүлгөн элесиңби?
Кайырма:
Таңдын нуру сага төгүлүп,
Маайыңдан жылдыз көрүнүп,
Сени сүйдүм, таңдын сулуусу.
Жүрөгүмө сүйүү ойготуп,
Таң сулуусу, азыр кайдасың?
Аламбы деп сени жоготуп,
Издейм сени табуу айласын.
Кайырма:
Таңдын нуру сага төгүлүп,
Маанайыңдан жылдыз көрүнүп,
Сени сүйдүм, таңдын сулуусу.
Саамайыңдан салкын жел сылап,
Сага гана арнап гүл сунам,
Табышмактуу тандын сулуусу.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *