Аксанатай менен Карасанатай жолдош болуп жолоочу жүрүштү. Көп күн өткөндөн кийин азыктары түгөнүп, курсагы ачты. Карасанатай Аксанатайга: — Азыгыбыз түгөндү. Ачка өлбөйлү. Сен атыңды сойгун, ал түгөнгөндө мен соём,— деди. Аксанатай макул болуп, атын сойду. Арадан бир топ күн өтүп, оокаттары дагы түгөндү

— Ээ, Аксакал досум, эми дагы бир эрдик кыл, курсагым ачып өлүп баратам, көзүңдү оюп берип мени тойгуз. Анан мен атымды союп, көзүмдү оюп берейин,— деди Карасанатай.
Аксанатай айласыз буга да макул болду. Карасанатай мунун эки көзүн оюп алды да, өзүн жолдун жээгиндеги чоң жардан ылдый кулатып жиберип, андан ары жүрүп кетти.
Аксанатай темселеп жүрүп, жардын түбүндөгү көбөөлгө кирип жатты. Түн кирди. Бир убакта жолборс, илбирс, карышкыр үчөө жардын башында сүйлөшүп жатканын укту. Карышкыр тамшанып:
— Ушул жакта чоң короо кой жайылып жүрөт. Койчусуна ээ бербес элем, бирок ал ээрчиткен көк дөбөттун азабы өттү. Түк алдырбайт. Ошол көк дөбөттүн өтү кандай ооруга болсо да дары. Ал тургай өлгөн адамды да тиргизет,— деди.
— Мына ушул жардын аягындагы дөбөдө ат башындай алтын бар,— деди жолборс. — Аны көрсөм көңүлүм көтөрүлүп, күчүмө күч кошулуп калчу эле. Бир топ күндөн бери көрө элекмин.
Анан илбирс сүйлөдү:
— Силер ичтеги сырыңарды бүт айттыңар, эми мен айтайын: мына бул жардын башындагы агып жаткан булакка сокур киши бетин жууса, көзү ошол замат ачылат. Кокус көзүңөр көрбөй калса, ушул булакты эстеп койгула…
Үчөө дагы бир аз сүйлөшүп туруп, анан кеп эле сырдаша бербейли, кокус бирөө угуп калбасын дешип, жөнөп кетишти.
Аксанатай алардын сөзүн бүт укту. Ордунан туруп, булакты карай жылды. Шылдырап аккан булактын дабышын тьңшап жүрүп отуруп, акыры булакка жетти. Суу менен бетин жууду эле, көзү ошол замат ордуна келди. Ал сүйүнгөн бойдон чуркап барып, жардын аягындагы дөбөдө жаткан алтынды таап алды. Аны көтөрүп койчуга барды да, алтын берип көк дөбөтүн сурап алды. Четке чыккандан кийин итти союп, өтүн кургатып, чөнтөгүнө салды, андан ары жөнөп, акыры бир шаарга келсе — хандын кызы катуу ооруп, аны ким дарылап айыктырса, кызымды ошого берем деп, хан жар чакыртып жатканын укту. Аксанатай хандын үйүнө кирип, чыныдагы сууга иттин өтүн жакшылап эзип, хандын кызына бүт ичирди. Өлүм алдында жаткан кыз ошол замат куландан соо болуп тура келди. Хан Аксанатайга кызын берип, энчи бөлүп, айлына женөттү.
Бир күнү Карасанатай Аксанатайды көрүп жай сурап:
— Сен мынчалык зор бакытка кантип жеттиң? — Аксанатай өз башынан өткөнүн ойлоп, өч алмакчы болуп, Карасанатайга шек алдырбай жылмайып күлүп:
— Ээ, досум, сага ыракмат, эгер сен болбосоң, мындай бакытка жетпейт элем. Бул оңой иш эмес экен. Сен да так мага окшоп, жардын астындагы мен жаткан үңкүргө жатсаң эле болгону,— деди.
Карасанатай сүйүнүп, Аксанатай айткан үңкүргө келип жатты.
Түн киргенден кийин жолборс, илбирс, карышкыр жардын башына чогулушту.
Карышкыр кубанып:
— Баягы көк дебөт жоголуптур,— деди. Жолборс кейип:
— Менин ат башындай алтыным жок, ким алганы белгисиз,— деди.
— Мында бир сыр бар. Мунун баары кишинин гана колунан келет. Биздин сөзүбүздү астыртадан угуп алса керек. Бүгүн да бирөө тыңшап турбасын… жүргүлөчү, карап көрөлү,— деп илбирс айтты.
Үчөө издей баштады. Илбирс карап жүрүп, Карасанатайды таап алып, муну ары-бери тыткылап жеп жиберишти.
Арам ойлуу Карасанатай жырткычтарга ошентип жем болуптур. Адал ойлуу Аксанатай элге кадырлуу бойдон ушул күндө да жашап жүрөт дейт.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Карышкыр менен эчки44
Алия менен жылкы43
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *