Акылдуу бала-Аудиосун угуу

Илгери бир атагы чыккан ууру болуптур. Анын жалгыз баласы бар экен. Баласы чоңойгондо, атасы чакырып алып: Балам, мени сыйласаң ууру бол, мындан бөлөк жакшы кесип жок, деди. Баласы капаланып: Ата, эгер мени адам кылам десең уурулук кесипти үйрөтпө, андан көрө адал эмгек кылайын, деди.

Ууру аябай ачууланды:
Атанын жолун жолдобойт деген эмне?.. Атанын тилин албайт имиш!.. Менин сөзүм эки эмес, айтканымдан кайтпайм. Бүгүн түнү төмөнкү айылдагы Жоошбайдын кызыл өгүзүн уурдап кел. Уурдабасаң, көзүмө көрүнбөй, ошондон ары жогол!

Бала макул деп үйдөн чыкты да, Жоошбайдын кызыл өгүзүн күзгү эгинге сатып келди. Аны атасына айткан жок. «Балам өзүмдү тартып ууру болот экен» деп атасы чоң кубанды. Өгүздү союп алышты.

Ата, бул этти жегенден мурда экөөбүз таразага түшөлү, эт бүткөндө кимибиз канча семирет экенбиз, ошону билели, деди бала.

Атасы макул таап, экөө таразага түштү. Арадан бирэки жума өткөндөн кийин эт түгөндү. Экөө таразага дагы түштү; атасы мурункудан экиүч кадак арыктап калыптыр. Ал эми баласы болсо, бешалты кадак семирген экен. Бул ишке атасы аңтаң калып, баласынан жөн сурады.

Таң кала турган эч нерсе жок, деди баласы. Сиз эт жеп жатканда, уурулугум ачылып калбагай эле деп, коркуп жейсиз. А мен өгүздү сатып келгем, ошондуктан коркконум жок, жегеним аш болду. Ар ким өз эмгеги менен гана семире алат.

Ошондо атасы баласына:
Уурулук эң жаман иш турбайбы, сен бул бузук жолго түшпөй, түзүк жолго түшкөнүң жакшы болуптур, деди

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы20
Акылдуу кыз жомок15
Китептин душманы14
Атанын керээзи жомок11
Кара тоок менен түлкү11
Кумара кийген түлкү9
Акылдуу балдар8
Карышкыр жана жети улак7
Тамсил: Кемпир жана тоок7
Атадан калган туяк (аңгемеден үзунду)6

Один комментарий к “Акылдуу бала”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *