Акылдуу дыйкан

Бир хан эсирип отуруп, өзүнүн жигиттерине: Мага акмак киши таап бергиле! деп буйрук кылды. Эки жигит жолго чыгып, акмакты издеп кетишти. Эми кимди алып барабыз? Жөн эле кишини кармап барсак, хан бизди жазага тартат, деди биринчиси. Экинчиси айтты: Сен кандай макоосуң? Кимди деген да сөз болобу?.. Жолуккан эле кишинин эркине койбой жетелеп барабыз. Хан чакырып жатат десек, барбаска айласы канча!

Экөө ушинтип келе жатып, карагай сүйрөткөн бир кишиге жолукту.
Карагайыңды таштагын, азыр ханга жүргүн, сени чакырып жатат, дешти жигиттер.
Токтогула, карагайды үйгө жеткирип коёюн да, анан барайын. Эмне үчүн чакырды?
Жигиттердин бири:
«Эмне үчүн чакырды» дейт тура. Аны эмне кыласың? Жүр дегенде жүрбөйсүңбү! Хан акмакты таап кел деген, жүргүн! деп шаштырды.
Жок, жигиттер, карагайды атайы тоодон мээнет менен алып келе жатьш, орто жолго таштай албайм, деп бастырып кетип калды ал.
Эки жигит жүрүп отуруп, өрмөк соккон катынга жолугушту.
Жеңе, сени хан чакырып жатат, тезинен жүргүн, дешти.
Ботом, катынды хан эмне үчүн чакырат? деди аял.
Катынды кепкесезгө чакырмак беле, акмак адамды таап кел деген. Эркектер менен айтышпай, жүр тезирээк.
О, кокуй күн, ушул ала жазда бекер жүргөн кишиден бөлөк акмак табылбас… Өз оокатым үчүн керек ишими бүтүрүп алайын деп, мен мында жанталашып жатам. Акмакты тапчу жериңерден издегиле! Мен барбайм! деп катын катуу айтты.
Эки жигит дагы жөнөп:
«Эгер сырыбызды ачык айтсак болбойт экен. Андан көрө кезиккен эле кишини зордоп алып кетели» деген акылга келишти.
Алар жер айдап жаткан бир дыйканга жолугуп:
Ой, дыйкан, жүргүн ханга! дешти.
Эмгек кайнап турган убакта, эмне үчүн барам? деди дыйкан.
Көп сүйлөбөй, жүргүн дегенде жүргүн! Хан акмакты таап кел деп айткан, сен акмак экенсиң!..
Жигиттерге дыйкандын абдан ачуусу келди:
Силер үчүн акмакты даярдаган киши жок. Көзүмө көрүнбөй жоголгула!
Эмесе акмакты таап бер, деп эки жигит дыйканды бекем кармап туруп алышты.
Мени коё бергиле күн ысып баратат, жер кургай электе айдоомду бүтүрүп алайын, деди дыйкан.
Жок, же өзүң ханга жүргүн, же бизге акмак ким экенин айтьщ бергин. Баарыңар эле акмак эмеспиздейсиңер, кимиңер акмак экениңерди таптакыр билбей койдук.
Макул эмесе, акмакты айтып берейин, бирок мени коё бергиле, деп дыйкан айтканда, жигиттер аны шаштырып турушту.
Дыйкан ойлоно калып
«Акмакты таап кел» деген хандын өзү акмак, же акмакты издеп жүргөн экөөң акмак. Мындаң артык акмакты дүйнө жүзүн кыдырып жүрүп таппайсыңар, деди.
Жигиттер ачууланып:
Сен ханга тил тийгиздиң, барып айтабыз! дешти.
Бир айтмактан миң айткын, деги ушуну хандын кулагына куюп айтсаңар экен! деди дыйкан.
Эки жигит ханга келип айтышты.
Ошол дыйкандын колубутун байлап алып келгиле! деп хан буйрук кылды.
Дыйкан хандын астына келип олтурду. Хан дыйканды кекетип:
Сен мени акмак депсиң, эгер акылдын баары сенде болсо, менин мына бул тулпарымды колуңа алгын. Үч күндүн ичинде муну жакшылап таптагын. Таптай албасаң башынды кесем! деди.
Дыйкан тулпарды колуна алып, ага жемчөптү маалы менен берип, суутуп, сууну да убагы менен ичирип, төртүнчү күнү хандын алдына келип минтип айтты:
Таксыр ханым, сенин тулпарың анык күлүк экени чын экен, бирок мунун канында уй менен эшектин жалгашкан жери бар экен.
Муну укканда хандын ачуусу келип, дыйканды дарга астырмак болду. Ошондо ортого хандын картаң энеси түшө калып, минтип айтты:
Балам, сен жөнү жок жерден ачуулана бербе. Биздин жылкы жайлоону карай кетип баратканда, бир эшек жылкыны аралап кирип кетип, дал ушул сенин тулпарыңдын энесин карап коюптур. Кулунду туугандан кийин, ал бээ өлүп калды. Анан мен бул кулунду саан уйдун эмчегин эмизип бактырдым.
Мунун ушул эшек менен уйдан жалгашкан жери бар экенин сен кантип билдиң? деп сурады хан дыйканга карап.
Үч күн бою мен бул тулпардын жанынан карыш жылган жокмун, деди дыйкан. Сууну кечип чыкканда, арткы бутун силкипсилкип алат, бул уйдун кылыгы. Түн ичинде мен буга чөп салсам, эшекче бакырат. Мына ошондуктан сенин тулпарыңда кандайдыр эшек менен уйдан жалгашкан жери бар экен ден ойлодум.
Дыйкандын бул сөзү ханга аябай жагып, аны жакшылап конок кылып, хандын зайыбы дыйканга бир алтын акча берди.
Арадан бир топ күн өткөндөн кийин, хан баягы дыйканды өз алдына чакырды.
Эгер сен чындап эле билгич болсоң, муну тапчы, экөөбүздүн кимибиз анык хандын тукумубуз менби же менин зайыбымбы? деп сурады хан.
Сенин зайыбың нагыз хандын тукуму, ал эми өзүң болсо наабайчынын баласысың, деп дыйкан жооп кайтарды.
Хандын каары чындап козголуп, дыйканды ошол замат даргага астырып жибермек болду. Бирок мунун алдында өзүнүн картаң энесин чакыртып алып:
Апаке, сен чыныңды айт, мен кимдин баласымын? деп сурады. Апасы минтип айтты:
Уулум, мен жаш кезегимде улам эле кыз төрөй бердим, атан, буга ар дайым нааразы болуп жүрдү. Бизде нан бышыра турган наабайчы бар болчу. Ал экөөбүздүн боюбузга бир маалда бүттү, экөөбүз бир күндө төрөй турган болдук. Эгер сен эркек бала төрөсөң аныңды мага бер, мен дагы эле мурдагыдай кыз төрөсөм, кызымды сага берейин деп наабайчынын зайыбы менен убада кылдым. Ырас эле наабайчынын аялы эркек бала төрөдү, мен кыз төрөдүм, экөөбүз жаңы төрөлгөн балдарды эч кимге билдирбестен алмаштыра салдык. Мен эркек төрөдүм деп, хандан сүйүнчү сураттым, мына ошентип, сен хандын уулу болуп калдың. Кызымдан ажырабас үчүн, мен аны сага колукту кылып алып бердим. Ошол себептүү, балам, мына бул зайыбың менден төрөлгөн кыз.
Муну укканда хан ого бетер аңтаң болуп:
Ушуну сен кантип билдиң? деп сурады.
Опоңой эле билдим. Сен мени конок кылганда, алдыма токочту үйө бердиң, ал зми аялың болсо, менин астыма алтын акчаны койду.
Ошондуктан мен сени наабайчынын баласы экен, зайыбың нагыз хандын тукуму экен деп ойлодум, деди дыйкан.
Муну укканда хан дыйкандын акылы ырас эле чоң экенине көзү жетип, мына эми эң акыркы жолу сынамакчы болуп:
Эгер сен өтө эле билгич болсоң, кудай кайда? деп сурады.
Ханым, ушу кебетем менен кудайдын кайсы жерде турганын айтсам мени кусур урбайбы. Ошондуктан, сен менин киймимди кийин, менден кечирим сурагандай болуп, алдымда баш ийип тургун. Мен сенин кийиминди кийип, алтын тагыңа олтурайын. Анан мен кудайдын кай жерде экенин айтып берем, антпесем, бул кейпим менен кудай жөнүндө сөз кылышым ылайык болбойт, деди дыйкан.
Хан макул болуп, үстүндөгү кийимин бүт чечип берип, дыйканды алтын тагына олтургузду; өзү дыйкандын кийимин кийип, анын алдында баш ийип турду.
Хан боло калган дыйкан жигиттерин чакыртып алып:
Ушул убакка чейин акмакты бекер таппай жүрүпсүңөр. Мындан артык акмак барбы?.. Сыртка сүйрөп чыгып, дал ушул акмактын башын кескиле! деди.
Көпкөн жигиттер бөлөк сөздү уксунбу: ханды желкелеп барып, башын кесип, денесин тарткылап, кумардан чыгышты. Дыйкан такка отуруп, элге кайрымдуу жана адилет хан болуп калган экен.

Окшош чыгармалар

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *