Бир күнү акылман арабага түшүп келе жатты. Ал араба-
сын токтото калып эңкейип караса, жолдо кичинекей бала шаар жасап, ойноп отуруптур. Акылман:
‒ Балам, арабага жол бербейсиңби? ‒ деди.
Бала акылмандын баш-аягына карап туруп:
‒ Чоң ата, мен шаар салып жатпаймынбы? Шаар араба-
га жол бербейт. Араба шаарды айланып өтүшү керек го, ‒ деди.
Акылман абдан таң калды. Арабадан түшүп келип:
‒ Балам, жашыңа караганда акылың көп экен, ‒ деди.
Анда бала:
‒ Эмне үчүн андай дейсиз? Коёндун бөжөгү үч күндөн
кийин жүгүрүп кетет. Жети жашка келгиче мен кантип бир
нерсени билбейин, ‒ дейт.
Акылман жылмайып:
‒ Мен сага бир нече суроо берейин. Жооп берсең, бир
нерсе билериңе ишенейин, ‒ дейт.
‒ Жооп берүүгө даярмын, ‒ дейт бала.

Кандай сууда балык болбойт? Кандай тоодо таш болбойт? Кандай жыгачта бутак болбойт?
Ушуларга жооп берчи, ‒ дейт акылман.
Булактын суусунда балык болбойт. Кум дөбөдө таш болбойт. Чирик жыгачта бутак болбойт ‒ деп бала жооп берет.
Бала да акылманга суроо берет:
‒ Чоң ата, асманда канча жылдыз бар? ‒ дейт.
‒ Айланайын балам, бизден ыраак турган нерсени сураганың кандай? Бизге жакын турган нерседен сура.
‒ Андай болсо, сиздин кашыңызда нече тал кыл бар? ‒
деп сурайт.
Кичинекей баланын акылына акылман абдан таң калып:
‒ Балам, окууну көп оку. Акылың дагы арбыйт. Өмүрүң узун болсун! ‒ деп ак батасын берип, баланын шаарын айланып өтүптүр.
Жок
Эмнеси жаккан жок?
Жомок
Исхак Раззаков
Баланын аты Ким екен жооп берип койунуздарчы