Акылсыз хан, нускалуу байбиче

Өткөн бир заманда байлыгына сан жетпеген хан болуптур. Байлыгы көп болгону менен элге ырайымы жок, катуу баш, акылы тайкы экен. Эмне кыларды билбей, бир жолу мындай деген жыйынтыкка келет:

– Балам, жакынкы айылда өтө акылдуу аял бар экенин уктум. Ошону мага чакырып келип берсең, жакшы кеңешин угайын, мен дагы акылдуу, көрөгөч болгум келет. Бирок бул жөнүндө эч кимге айтпагын, экөөбүз гана билгендей бололу, – дейт.

Баласы атасынын айтканына макул болуп, акылдуу аялды чакырып келүү үчүн хандын вазирин жиберет. Аны алып келгенден соң хандын баласы өзү тосуп алат. Ал нускалуу байбичеге:

– Сиз хандын алдына барасыз, эмне деген сөз айтат, кайра келатып мага төкпөй-чачпай айтасыз, уктуңузбу, – дейт.

Ошентип, байбиче ханга барып, аттан түшүп, амандашып сүйлөшүп калат. Хан байбиченин минип келген атын:

– Өтө бат келдиң, басыгы жакшы го, – деп аябай мактайт.

Акылдуу аял хандын келесоолугун байкап, бирок сөз айтпай далайга ойлонот… “Ушу да ханбы?” – деп таң калат.

– Ханым, сиз менден жакшы сөз, кеңеш укканы чакыртыпсыз, менин кеп-кеңешимди уккуңуз келсе керек, эмесе көңүл коюп, жакшылап угуп туруңузчу. Сиз мен минип келген атты аябай мактадыңыз, жылкы баласын желеде кезинде жакшылап асыраса, жакшы чыгат. Саяпкери жарашса, кулун келишкен ат болот. Сиздин элде да арып-ачкандары көп, аларга да байлыгыңызды таратып берсеңиз болот, – дейт.

Бул сөзгө хан муунуп, байбичеге таарынып, аябай кыйкырат.

– Жогол, көзүмө көрүнбө, баскан изиңди кетмендеп коём. Сени мындан ары менин кежигем көрбөйт! – деп колун кезеп үйүнөн кубалап чыгат.

Байбиче чыгып кетер замат хан аялына:

– Ортосуна уу салынган нанды кемпирге бер, – деп көз кысат. Аялы кемпирдин аркасынан чуркап жетип нанды куржунуна салып берет. Акылдуу байбиче кетип баратса, жолдон мергенчилик кылып жүргөн хандын баласы жолугат. Кемпир балага болгон кеп-келечтерди толук айтат.

– Балам, атаң адилет эмес, акылсыз экен. Малыңан кедейлерге кайрыла жүр десем, мени үйүнөн кууп чыкты, – дейт.

Акылдуу аял куржундагы нанды баласына толугу менен берип салып, сапарын улай берет. Хандын уулу ачка экен. Энеси берген нанды бурдап жейт. Нандын акыркысын чайнап жуткандан кийин жерге кулап түшөт. Ошентип, сараң хан мал аяйм деп баласынан айрылат.

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.