АЛА КЕЛИҢИЗЧИ?

Үйдө үч күндөн бери электр жарыгы жок. Электри жок шаарда кандай жашоо болмок? Үйдү жылытканда, тамакты бышырган да, үйдүн жарыгы да ошол эмеспи. Байсал эртең менен жумушка жөнөгөнү жатканда:
‒ Базарга кайрылып,
үйгө күрүч ала келесиңби? ‒
деди аялы.
Макул, ‒ деди Байсал.
Аны угуп, Элнура минтет:
‒ Ата, жумушуңуздан свет ала келиңизчи… Антпесеңиз
күрүчтү жей албаймын.